Беларустун бозгундагы оппозициясы Литванын Эл аралык сотко кайрылуусун кубаттады

Светлана Тихановская.

Беларустун бозгундагы оппозициясы Литва бийлигинин Эл аралык кылмыш сотуна Александр Лукашенко баштаган режим боюнча жолдогон арызын кубаттайт. Бул тууралуу бүгүн 30-сентябрда оппозициянын лидери Светлана Тихановская билдирди.

«Биз Литва өкмөтүнө принципиалдуу чечими жана аракети үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Репрессиянын жүз миңдеген курмандыгы үчүн бул кадам үмүт жаратууда. Адилеттүүлүккө, бийликтин кылмышы жазасыз калбай турганына үмүт берүүдө. Айыптуулар эл аралык жоопко тартылышы зарыл, репрессиялар токтотулушу керек”, - деп белгиледи Тихановская.

Литванын Юстиция министрлиги Эл аралык кылмыш сотуна «Беларустагы кырдаалга байланыштуу» кайрылганын, режимдин өз элине каршы жасаган ыктымал кылмыштарын, “куугунтуктоо, депортациялоо, кыйноо жана башка адам чыдагыс мамилени” териштирүүнү өтүнгөнүн 30-сентябрда жарыялаган.

Эл аралык сот Литванын кайрылуусун алганын тастыктап, маселе мыйзам чегинде каралып чыгарын, териштирүү баштоого жетиштүү негиз бар же жогу аныкталарын билдирди.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат, кээ бирлери чет жактарга чыгып кеткен. (RK)

Дагы караңыз

Иран Ливанга жана Газага аскер жөнөтпөй турганын билдирдиОрусия: Такси айдаган мигранттар жапырт кетип жатканы маалым болду Ооганстанда чет элдик үч туристтин өлүмүнө шектүү топ кармалдыАйдоочулук күбөлүк. Тыйылбаган коррупция, жетекчилердин камалышы