Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Ооганстанда чет элдик үч туристтин өлүмүнө шектүү топ кармалды


Ооганстан. "Талибандын" өкүлдөрү.
Ооганстан. "Талибандын" өкүлдөрү.

Ооганстандын “Талибан” башкарган өкмөтү өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтун аймактык бөлүмүнүн бир нече мүчөсү кармалганын, алар быйыл май айында Бамиан шаарында киши колдуу болгон чет өлкөлүк үч туристтин өлүмүнө жана сентябрь айында борбор калаа Кабулда тартип сакчыларына кол салууга шектелип жатканын билдирди.

«Талибандын» өкүлү Забиулла Мужахид 30-сентябрда Х социалдык түйүнүнө жазгандай, «Ислам мамлекети-Хорасан» тобунун мүчөсү деп шектелип кармалгандар арасында Тажикстандын бир жараны бар. Анын айтымында, тажик жараны Ооганстанга чабуул коюу үчүн коңшу Пакистандан барган. Забиулла Мужахид аталган топтун башка да согушкерлери Белужистан жана Хайбер-Пахтунхва провинцияларында жашынып жүргөнүн кошумчалады.

Расмий Исламабад согушкерлерге башпаанек берип жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

Мужахид «Талибандын» операциялары согушкерлерди Ооганстандын аймагынан чыгып кетүүгө мажбур кылганын айтты.

12-сентябрда көзөмөл жана сот органдарынын ишин жөнгө салуучу жогорку башкармалыктын кызматкерлерине кол салуу болуп, алты кишинин өмүрү кыйылганы, 13 киши жараат алганы расмий маалымдалган. Ооганстандын прокурорлор ассоциациясы кол салуудан кеминде 16 прокурордун өмүрү кыйылганын билдирген. 17-майда Бамиан провинциясындагы борбордук базарда чет элдик үч жана жергиликтүү бир жаран каза тапкан. Бамиандагы Будданын VI кылымдагы эки чоң айкелин үч жыл мурда талибдер талкалап салганына карабастан бул шаар Ооганстандагы негизги туристтик багыттардын бири бойдон кала берүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG