Иран Ливанга жана Газага аскер жөнөтпөй турганын билдирди

Ливан.

Иран Ливанга же Газа секторуна өзүнүн аскерлерин жөнөтпөй турганын билдирди. Бул тууралуу бүгүн 30-сентябрда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канани кабарлап, алардын өзүндө “агрессиядан коргонуу үчүн зарыл мүмкүнчүлүк жана күч бар экенин” айтты.

"Иран Ислам Республикасынын кошумча же ыктыярдуу күчтөрүн жөнөтүүнүн кажети жок", - деди ал.

Андан мурдараак Ливандын түштүк аймактарынын көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Хезболла” куралдуу тобунун жана саясий партиясынын жетекчисинин орун басары Наим Кассем видео кайрылуу жасап, үч күн мурда өлтүрүлгөн башчы Хасан Насралланын ордуна жаңы жетекчи «болушунча эртерээк» дайындаларын айткан.

«Хезболла» Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган, Иран колдогон ливандык топ. АКШ аны террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 30-сентябрда Тегеранда "Хезболланын" кеңсесине барып, Насралланы эскергенин анын администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Израил армиясы да, андан кийин «Хезболла» өзү да топтун башчысы Хасан Насралла 27-сентябрда Ливандын борбор калаасы Бейрутта жапырт авиачабуулдан каза болгону тууралуу маалыматты расмий тастыктаган.

Былтыр октябрда "Хезболланын" өнөктөшү ХАМАС тобунун кандуу чабуулуна кабылгандан кийин Израил Газада ХАМАС, коңшусу Ливандын түштүгүндө «Хезболла» менен согушуп келе жатат.

Соңку апталарда Израил Ливандын аймагын улам аткылоодо жана муну "Хезболланын" согушкерлерин жок кылуу максаты менен түшүндүрүүдө. Эл аралык коомчулук кырдаал курчуп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Орусия: Такси айдаган мигранттар жапырт кетип жатканы маалым болду Ооганстанда чет элдик үч туристтин өлүмүнө шектүү топ кармалдыАйдоочулук күбөлүк. Тыйылбаган коррупция, жетекчилердин камалышыИзраил Йемендеги хуси козголоңчуларына сокку урду