БШК: Айылдык кеңештерге шайлоодо талапкерлер күрөө койбойт

Шайлоо тилкесинде добуш берүү учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер күрөө койбойт. Бул “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык ишке ашарын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.

БШК төрайымы жаңы мыйзамга ылайык, шаардык кеңештерге шайлоого катышкан саясий партиялар үчүн шайлоо босогосу жети пайыздан беш пайызга түшүрүлгөнүн да кошумчалады:

“17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бир катар өзгөрүүлөр менен өткөнү турат. Бул - шаардык кеңештерге шайлоо босогосунун төмөндөөсү, экинчиден, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн жоюлуусу. Андан сырткары, администртивдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга каршы чара катары кошумча талаптар коюлду. Мисалы, мамлекеттик же муниципалдык ишканалардын жетекчилери шайлоого катышса, алар өзүнүн кызмат ордун толугу менен өткөрүп берип, анан катыша алат. Башка категориядагылар кызматын убактылуу токтотуп катыша алышат”.

Шайлдабекованын маалымдашынча, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер "Электрондук талапкер" программасы аркылуу документтерин электрондук түрдө киргизе алышат. Ар бир шайлоо тилкесинде видео байкоо жүргүзүлөт.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып, 7-октябрда саат 18:00гө чейин жүргүзүлөт, талапкерлерди каттоо 18-октябрда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 17-октябрь саат 18:00гө чейин, ал эми талапкерлерди каттоо 28-октябрь күнү аягына чыгат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга 3-августта президент Садыр Жапаров кол койгон. (ZKo)

Дагы караңыз

"Так калтырбай сабаган". Токмоктогу зомбулук, милициянын кечиккен маалыматы Орусия мыйзамсыз мигранттар реестрин ачык жарыялайтТемир жол долбоору: Биргелешкен компания ишке кирди. Каражат кайдан алынат?Өзбекстанда окуучуга кол көтөргөн мугалим айыппул төлөйт