Израил Бейруттун борбордук бөлүгүнө сокку урду

Бейрут. 2024-жылдын 30-сентябры.

Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери Ливандын чек арага жакын тилкесин жана борбор калаасы Бейруттун түштүк райондорун бутага алып келген Израил бүгүн 30-сентябрдын таңында шаардын борбордук бөлүгүндөгү Кола кварталына абадан чабуул койду. AFP маалымат агенттиги Ливандын коопсуздук кызматындагы булактарга таянып жазгандай, Израилдин учкучсуз учагы Ливандын түштүк аймактарынын көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Хезболла” куралдуу тобу жана саясий партиясы менен байланышы бар "ал-Жамаа ал-Исламия" суннилер тобунун мүчөлөрүнө таандык көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бирине сокку урду.

Аталган топ, AP маалымат агенттиги белгилегендей, Израилдин жана “Хезболланын” ортосундагы азыркы тиреште олуттуу роль ойдоду.

Интернетте тарап жаткан видеодон көп батирлүү үйдүн бир кабаты талкаланганын, ал жерде өрт чыкканын көрүүгө болот.

AFP маалымдагандай, бул чабуулдан кеминде төрт киши каза болду, 16 киши жараат алды.

"Палестинаны куткаруу элдик фронту» тобу Бейруттагы соңку соккудан үч лидери мерт болгонун жарыялады. AFP билдиргендей, каза тапкандардын бири — аталган топтун коопсуздук кызматынын жетекчиси Мохаммад Абдел-Аал.

Ал тапта АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Ливандагы лидери Фатех Шериф Абу эл-Амин аялы жана уул-кызы менен өлтүрүлгөнүн жарыялады. 30-сентябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Тир шаарында жайгашкан палестин качкындарынын лагеринде алардын үйүнө сокку урулган.

30-сентябрга караган түнү Израил армиясы (ЦАХАЛ) “Хезболланын” Ливандын чыгышында жана түштүгүндө жайгашкан объектилерине бир нече жолу абадан сокку урганын, курал-жарак сакталган жайларын талкалаганын маалымдады.

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Израил армиясы да, андан кийин «Хезболла» өзү да топтун башчысы Хасан Насралла 27-сентябрда Ливандын борбор калаасы Бейрутта жапырт авиачабуулдан каза болгону тууралуу маалыматты расмий тастыктаган. (RK)

Дагы караңыз

Билим берүү министрлиги техникалык кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрүүнү сунуштады Министр Бакетаев китеп көйгөйүн чечүүгө 8 млрд сом керек экенин билдирдиАзияда рекорд койгон спортчу Тобокел Мамыров тууралуу китеп жарык көрдүУКМК Тоң райондук сотунун төрайымы пара алууга шектелип кармалганын билдирди