Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:20

Билим берүү министрлиги техникалык кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрүүнү сунуштады


Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде иштеген техникалык кызматкерлердин айлыгын эки эсе жогорулатып берүү өтунүчү менен Финансы министрлигине кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин 30-сентябрдагы жыйынында билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев депутаттарга билдирди.

"Азыркы учурда биздин мектептерде иштеп жатышкан техникалык кызматкерлердин айлык акысы 5-6 миң сомдон 11 миң сомго чейин. Биз Финансы министрлигине алардын маяналарын эки эсеге жогорулатуу өтүнүчү менен кайрылдык. Сунушубуз каралып жатат", - деди Супаналиев.

Комитет мүчөсү, депутат Марат Мураталиев техникалык кызматкерлер менен кошо мектептердеги медайымдардын да маянасын көтөрүү маселесин кароону сунуштады. Буга финансы министринин орун басары Жибек Дуйшеева жооп берип, медицина кызматкерлеринин маянасы 1-сентябрдан тарта 10, 20, 50% көтөрүлгөнүн билдирди.

Аталган комитеттин 30-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандагы мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы талкууланды.

Кыргызстанда 2377 мектеп бар. Мунун ичинен 2173 мектеп мамлекеттик, 204 мектеп - менчик. Бул мектептерде 1, 491 млн ашуун бала окуйт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG