Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

1-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт.

Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Дагы караңыз

Билим берүү министрлиги техникалык кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрүүнү сунуштады Министр Бакетаев китеп көйгөйүн чечүүгө 8 млрд сом керек экенин билдирдиАзияда рекорд койгон спортчу Тобокел Мамыров тууралуу китеп жарык көрдүУКМК Тоң райондук сотунун төрайымы пара алууга шектелип кармалганын билдирди Тарых тамырын тарткан археологдор