Милиция Чүйдөгү күйөөсү сабаган келин тууралуу маалымат берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы укук коргоочу Азиза Абдирасулова жазып чыккан күйөөсүнөн кордук көргөн келин боюнча “Азаттыкка” маалымат берди.

Милициянын кабарлашынча, 21-сентябрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө калаадагы Тоголок-Молдо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде күйөөсү аялын сабап жатканы жөнүндө кабар түшкөн. Факт катталып, териштирүү башталган.

Аталган дарекке барган милиция кызматкерлерине 28 жаштагы келин 30 жаштагы күйөөсү аны дайыма сабап, кемсинтип жатканын айтып, арыз жазган. Ошол эле күнү Улуттук госпиталда келинге баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Аталган факт боюнча бардык тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Чүй милициясы учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирди. Милиция келиндин абалы, ага кол көтөргөн шектүүнүн кармалып же кармалбаганы жөнүндө маалымат берген жок.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кеминде 28 жаштагы келин күйөөсүнөн токмок жеп, ооруканада жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазып, укук оргоо органдарына кайрылган.

Укук коргоочунун маалыматына ылайык, 21-сентябрда күйөөсү сабаган үч баласы бар аял оор абалда Кемин шаардык ооруканасына түшкөн. Азиза Абдирасулова милиция бул зомбулукка каршы чара көрбөй жатканын жазды.

Соңку 2,5 жылда Кыргызстанда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен ажал тапты. 2010-жылдан бери 1100дөн ашуун аял каза болсо, анын үчтөн бири фемицид курмандыктары.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) уюмунун 2023-жылдагы отчетунда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашкан. Ушул эле рейтингде Өзбекстан 94-орунда, Тажикстан 90-орунда жана Казакстан 80-орунда турат. Ал эми Түркмөнстан 58-орунду ээлеп, аймактагы кыйла коопсуз өлкө катары сыпатталган. (TSh)

Дагы караңыз

ИИМ акча ташыган адамды өлтүрүүгө шектүү Орусиядан алып келингенин билдирди