Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

ИИМ акча ташыган адамды өлтүрүүгө шектүү Орусиядан алып келингенин билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

2019-жылы “Манас” аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө байланыштуу 33 жаштагы шектүү Орусияда кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

2019-жылы 23-октябрда “Манас” аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Ошол учурда шектүүлөрдүн бири мурда оор кылмыштар менен бир нече жолу соттолгон Ош шаарынын А. М. аттуу тургуну экени аныкталып, издөө жарыяланган. ИИМ шектүү 2024-жылы февраль айында Орусияда кармалганын, Кыргызстанга экстрадициялоо иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Шектүүгө Кылмыш жаза кодексинин 202 – беренеси (“Каракчылык” (ред: 2017-жылдын редакциясы боюнча), 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) жана 261-беренеси (“Уюшкан топ түзүү же ага катышуу”) менен айыбы угузулуп, иш сотко өткөрүлдү.

2019-жылы Чүй облустук милициясы “Манас” аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан табылган 39 жаштагы маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталганын маалымдаган. ИИМ киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адам акча ташуу менен алектенгенин, аны өлтүрүүгө шек саналып кармалгандардан 100 миң доллардан ашык акча алынганын билдирген. Милиция канча суммадагы акча болгонун жана кимдики экени тууралуу маалымат берген эмес. Шектүүлөрдүн бирине издөө жарыяланган.

2019-жылы 21-ноябрда ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бул окуянын Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаити менен байланышынын бар-жогу аныктала электигин билдирген. Уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитини ошол жылы 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдындагы кафеде тамактанып отурган учурунда атып кетишкен.

2019-жылы декабрь айында “Азаттык” радиосу, OCCRP жана “Kloop” “Манас” аэропортундагы кандуу окуянын Саймаити менен байланышын иликтеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG