БУУнун Кыргызстандагы өкүлү: пикир үчүн айып салуу сунушу сөз эркиндигин чектебеши керек

Антье Граве.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве сөз эркиндигин сактоо Кыргызстандын Конституциясында жазылганын белгилеп, интернетте эркин пикир айтуу өлкөнүн “Туруктуу өнүгүү максаттары” программасы үчүн маанилүү экенин айтты.

Граве бул тууралуу 27-сентябрда интернеттеги жалган маалымат үчүн айып пул салуу каралган мыйзам долбоору талкууланган жыйында билдирди.

БУУнун өкүлү мыйзам долбоору боюнча Венеция комиссиясынын анализиндеги айып пулдардын суммасы, Маданият министрлигинин укуктарына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ал бардык айып пулдар сот аркылуу чечилиши керектигин экенин айтты.

БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве кастык тили жана бурмаланган маалыматтар менен күрөшүүнү адам укугу боюнча эл аралык милдеттенмелерге ылайык жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу менен ишке ашырууга чакырды.

27-сентябрда Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы “Укук бузуулар Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна байланыштуу талкуу өткөрдү. Жыйында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Министрлер кабинети демилгелеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ишке ашырат делген мыйзам долбоорунда мүчүлүштүктөр көптүгүн белгилеп, мыйзамды артка чакыртып алууну сунуштады.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеп, 27-августта коомдук талкууга коюлган. 17-сентябрда долбоор Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралып, биринчи окуудан өттү. Жыйында айрым депутаттар коюлган айыптын көлөмүн азайтууну сунуштаган.

Долбоор кабыл алына турган болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды тараткандарга 100 миң сом, медиалар 200 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилет.

Октябрдын башында бул документ боюнча Венеция комиссиясынын корутундусу чыккан. Анда азыркы варианттагы долбоор кабыл алына турган болсо, адамдын эркин пикирин билдирүү укугу бузулары, өлкөдө коомдук көзөмөл институтунун ролун аткарган эркин медиалар үчүн олуттуу кесепеттер жаралары жазылган. Комиссия кооптуу беренелерди белгилеп, катаал чаралардан баш тартууну, мыйзамды кайра карап чыгууну сунуштаган.(TSh)

Дагы караңыз

БУУда Нетаньяху Иранга катуу эскертүү жасаганда залдан бир нече делегация чыгып кетти