Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

БУУда Нетаньяху Иранга катуу эскертүү жасаганда залдан бир нече делегация чыгып кетти


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 27-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 27-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөп жатат.

27-сентябрда Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып Иранга катуу эскертүү жасады. Ал "Иранда Израилдин колу жете албаган жер жок экенин" айтты.

"Тегерандагы тирандарга айта турган сөзүм бар: эгер силер бизге сокку урсаңар, биз силерге урабыз", - деди Нетаньяху.

Ал өз сөзүн баштаганда эле Иран баш болгон бир катар делегациялар каршылык иретинде залдан чыгып кетишти. Ал эми калгандары нааразылыгын билдиришти.

Нетаньяхунун алдында сүйлөгөн Словения менен Пакистандын өкүлдөрү Израилди Газадагы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмуна каршы согушту токтотууга чакырышкан.

Нетаньяху быйыл Башкы Ассамблеяда сүйлөөнү пландабаганын, бирок "бул трибунада анын өлкөсүнүн дарегине айтылган ушак жана жалган жалааны уккандан кийин баарын ачык айтып коюш үчүн келгенин" кошумчалады.

Анан ал дароо эле Иранга өтүп, Жакынкы Чыгыштагы азыркы жаңжалдын тутанышын "уюштурууга" айыптады. Израил премьер-министри БУУнун Коопсуздук Кеңеши кайрадан Тегеранга санкция киргизиш керек деп эсептейт.

Нетаньяхунун билдирүүсү АКШ, Франция жана башка мамлекеттер Ливандагы "Хезболла" тобу менен Израилдин ортосунда 21 күндүк ок атышууну токтотуу аракетин көрүп жатканда жасалды. Иран колдогон бул топ Ливандын түштүгүнүн көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн куралдуу кыймыл жана саясий партия болуп саналат.

Тель-Авив билдиргендей, АКШ терррордук деп эсептеген, ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын "кара тизмеге" киргизген бул топ соңку бир жылда Израилдин аймагын миңдеген ракета менен аткылаган. "Хезболланын" саясий канатынын мүчөлөрү Ливан парламентинде отурушат.

Эки апта мурда Израил "Хезболлага" каршы аскердик аракеттерин күчөтүп, Ливандын аймактарына абадан сокку ура баштаган. Тель-Авив бул аскердик операциянын башкы максаты Израил түндүгүндөгү карапайым тургундарды өз үйлөрүнө кайтарып, алардын коопсуздугун камсыздоо экенин билдирген.

Ливан бийлиги маалымдагандай, Израилдин аба соккуларынан жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылды.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, дээрлик бир жылдан бери уланып келе жаткан согуштун айынан каза болгондордун жалпы саны 41 495 адамга жетти.

XS
SM
MD
LG