Режеп Тайып Эрдоган ноябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган. Архив.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-6-ноябрь күндөрү Кыргызстанга расмий сапары менен келет.

Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында айтты. Ал Режеп Тайып Эрдогандын Бишкек сапарында кыргызстандык бейтаптардын Түркияда дарылануу маселеси тууралуу сүйлөшүүлөр болорун билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барып келген. Сапар алкагында президент Режеп Тайып Эрдоган менен эки өлкө ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынын өткөрүшкөн.

Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Бул өлкөдө ушул тапта 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет. (BTo)

Дагы караңыз

Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун абактан жазды делген катына байланыштуу комментарий бердиАскар Акаев экс-президент макамы боюнча ЖКнын чечимине комментарий берген жокСузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев жеңдиУкраинада Алишер Усмановдун 48,2 млн долларлык активин мамлекетке алуу чечими чыкты26-сентябрь: 11 журналистке суралган жаза, Орусия кийлигишкен Өзбекстандын мектебиндеги окуя