Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун абактан жазды делген катына байланыштуу комментарий берди

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапкери, азыр камакта жаткан активист Мелис Аспековдун абактан жазганы делген каты боюнча комментарий берди.

Камчыбек Ташиев 7tv.kg сайтына берген чакан маегинде Мелис Аспеков 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин чоң-чоң ишкерлерден “Садыр Жапаровго берем” деп алдамчылык менен каражат алып, аны өзү кымырып алып жүргөнү аныкталып, сот жообуна тартылганын айткан.

“Ушундай каралоолор чыкканда эл-журт логика дегенди иштетиш керек. Раим Матраимов (ред: Райымбек Матраимов) миллиондогон долларларды киши куруп калгансып, Мелис аркылуу берет беле? Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер чындап эле Раим 3 миллион доллар Мелиске бергени чын болсо – анда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бирок бул маселе боюнча Раимге суроо берилген. Раим “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат”, - деп жооп берген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз”, - деген Камчыбек Ташиев.

Чет жакта жүргөн башка бир активист Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов) 26-сентябрда Мелис Аспековдун абактан жазган делген катын Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Анда Мелис Аспеков 9-октябрда Бишкекте башка саясий күчтөргө каршы митинг өткөрүү үчүн Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алып Садыр Жапаровго бергенин жазган. Буга байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүнүп, Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Мелис Аспеков катты Бишкектеги №1 тергөө абагында 25-сентябрда жазганын көрсөткөн.

Ал абактан ушундай эле мазмундагы катты ушул жылдын март айында да жазган. Анда Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков каттагы маалыматтардын баары жалган экенин айтып, Мелис Аспеков Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун атына жамынып алып, ар кимди опузалап, акча алып жүргөнүн билдирген.

2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Мелис Аспеков 2021-жылдын башында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу” деген айып тагылып, “Алдамчылык” беренеси да кошулган.

Мелис Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, “саясий негизде иш козголгонун” билдирип келген. Президент Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

2022-жылдын мартында Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, Аспековду “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза берген эмес. Судья анын алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Активист 2023-жылдын май айында президенттин ырайымынын негизинде абактан бошотулган. Кийин ал Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, “пара катары берилди” деген акча өзүнүн каражаты болгонун билдирген жана аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кайра кайтарып бергенин жазган. УКМК муну төгүндөгөн.

2023-жылдын сентябрында социалдык тармактарда Мелис Аспековго байланыштуу деген аудио жарыяланган. Мунун артынан Ички иштер министрлиги (ИИМ) аны кайра кармаган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар”) менен күнөөлүү деп таап, кайра жети жылга эркинен ажыраткан. Активист бул айыптарды четке каккан. (BTo)

Дагы караңыз

Аскар Акаев экс-президент макамы боюнча ЖКнын чечимине комментарий берген жокСузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев жеңдиУкраинада Алишер Усмановдун 48,2 млн долларлык активин мамлекетке алуу чечими чыкты26-сентябрь: 11 журналистке суралган жаза, Орусия кийлигишкен Өзбекстандын мектебиндеги окуяАбактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды