Украинада Алишер Усмановдун 48,2 млн долларлык активин мамлекетке алуу чечими чыкты

Алишер Усманов.

Украинанын Жогорку антикоррупциялык соту орусиялык олигарх Алишер Усмановдун 2 миллиард гривнадан (48,2 миллион доллар) ашуун каражатка барабар активдерин конфискациялоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 26-сентябрда Украинанын юстиция министринин орун басары Инна Богатых маалымдап, апелляцияга убакыт бар экенин, бирок бул чечим күчүндө калышы үчүн бардык аракет көрүлөрүн билдирди.

Чечим иштей баштаса мамлекеттин пайдасына 160 миң тонна темир рудасы жана "Петер-Сервис Украинанын" уставдык капиталы толук бойдон чегерилет, аталган IT-компания, министрлик белгилегендей, Усмановдун көзөмөлүндө болчу.

2022-жылы украин Коопсуздук кызматы өлкөнүн деңиз портторундагы бир нече жашыруун кампада сакталган, Усмановго таандык темир рудасы кармалганын жарыялаган. Катылган чийки затты кеме менен Орусияга ташып, анын металлургия жана аскердик-өнөр жай комплексинин муктаждыктарына колдонуу пландалганы маалымдалган.

Алишер Усманов Орусиянын өзбек тектүү эң бай адамдарынын бири. Forbes анын байлыгын 13,4 миллиард еврого баалаган. Орусия Украинага кол салгандан кийин ага каршы санкцияларын Европа Биримдиги, АКШ жана Улуу Британия жарыялашкан. Германия бийлиги анын бир тууганынын 588 миллион долларлык Dilbar яхтасын камакка алган.

Forbes журналы 2022-жылы анонимдүү эксперттин: "Усманов бир нече жолу Путиндин абийирин жаап, анын бизнес көйгөйлөрүн чечкен", - деген сөзүн жарыялаган. (RK)

Дагы караңыз

Израил - “Хезболла” кармашы чоң жаңжалга жол ачпайбы? Орусия өзөктүк курал менен коркутту, АКШ Киевге жардам беретАбактагы Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды 26-сентябрь: 11 журналистке суралган жаза, Орусия кийлигишкен Өзбекстандын мектебиндеги окуя