Пакистан Азербайжанга JF-17 согуштук учактарын сатуу келишимине кол койду

Пакистан. Архивдик сүрөт.

Пакистан Азербайжанга JF-17C (Block-III) кыргын салуучу учактарын (истребител) сатуу тууралуу келишимге кол койгонун 26-сентябрда пакистандык аскер кызматкерлерине таянып Reuters жазды. Маалыматта айтылгандай, аталган учактарды Pakistan Aeronautical Complex ишканасы жасайт, өндүрүш Кытайдын Чэнду авиациялык корпорациясы менен биргеликте жүргүзүлөт.

25-сентябрда учактардын алгачкы партиясы менен азери президенти Илхам Алиев таанышып чыкканын аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдады жана алар “заманбап, жеңил, ар кандай аба ырайына чыдай ала турган, натыйжалуу” экенин кошумчалады.

Учактардын баасы жана саны боюнча маалымат берилген жок.

Соңку жылдары Исламабаддын Бээжин менен алака-катышы мурдагыга караганда жакыныраак боло баштаганын байкоого болот.

Пакистан Азербайжанды Армения менен Тоолуу Карабак аймагы боюнча талашында колдоп чыккан Түркиянын да жакын союздашы. (RK)

Дагы караңыз

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылдыАКШ Украинанын коргоо тармагына дээрлик 8 миллиард доллар бөлөтПрокурор 11 журналистти алты жылга абакка кесүүнү өтүндүМилиция "Эмакомдун" мурдагы ээси кармалганын билдирди