Вальдфридхоф – токойдогу көрүстөн
Мүнхен - Германиянын түштүгүндөгү, Бавария аймагындагы шаар. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттеринин бул шаарга сапары көрүстөндөн башталды.
Шаардын чыгыш тарабында жайгашкан бул жер немисче Вальдфридхоф деп аталат, ал "Токойдогу көрүстөн" дегенди билдирет. Бул жерде түрдүү улуттун өкүлдөрү, анын ичинде коомдук ишмерлер жана башка карапайым адамдардын сөөктөрү жатат. Көрүстөндүн кире беришинин сол тарабы мусулмандар үчүн бөлүнгөн.
Мүнхенде жашаган казакстандык Өмирхан Алтын: "Казакстандын эгемендиги үчүн күрөшкөндөр көп. Алардын көбү "Азаттыкта" иштеген. Алардын бири Карыс Канатбай", - деп сөз баштады.
"Германияда мыйзам бар. Ага ылайык маркум көмүлгөндөн кийин жыл сайын мүрзөнү бир адам карап, жердин ижара акысын тиешелүү жерге төлөп турушу керек. Ал акысы төлөнбөсө, көрүстөн алынып, ал жер башка бирөөгө берилет. Карыс Канатбайдын көрүстөнүн түрттүрүп, ордуна башкасын көөмп койду", – дейт Өмирхан Алтын, кара мармардан жасалган белгисиз бирөөнүн бейитин көрсөтүп.
Ал мындан үч жыл мурун эле Карыс Канатбайдын бейити ордунда турганын, жада калса анын Казакстандын Орол шаарында жашаган туугандары да атайын келип, мүрзөсүнө туулуп-өскөн жеринин топурагын сепкенин айтып кейийт.
Карыс Канатбай - Мустафа Шокайдын замандашы, бирдиктүү Түркстан мамлекетин түзүү үчүн күрөшкөн чыгаан инсан. 1911-жылы Батыш Казакстан облусунун Жанибек районундагы Борсы айылында туулган. Орусиянын Свердловск шаарындагы Тоо-кен институтун бүтүргөн. Экинчи дүйнөлүк согушта армиянын катарында согушуп жүргөндө колго түшкөн. Мустафа Шокай аны туткундан алып чыккан деген маалымат да бар. Карыс Канатбай бошотулгандан кийин Берлинде түптөлгөн Түркстан улуттук комитетинин катарына кирип, кийин анын баш катчысы болуп иштеген. 1950-жылы Мүнхенде "Түрк улуттук боштондук комитетин" түзүп, аны жетектеген. Ал "Азаттык" радиосунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. "Түрк эли" журналын чыгарган. Карыс Канатбай 1982-жылы 71 жаш курагында Мүнхенде көз жумган.
"Түркстан улуттук комитети - 1942-жылы Германия өкмөтү тарабынан түзүлгөн уюм. Ага "Түркстан легионун" түзүү, Түркстан аймагындагы совет бийлигине каршы үгүт иштерин жүргүзүү милдети жүктөлгөн. Ошондой эле уюмга немис армиясынын жардамы менен "бошотулууга тийиш" болгон Түркстан аймагын башкаруу механизмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилген". (Казак энциклопедиясы, 9-том).
"Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Алихан Жаналтай белгилегендей, немис бийлиги жер тилкесин башка адамга берүү үчүн мүрзөлөрдү бузуп жатканда, мурун коюлган сөөктү башка бир бурчка которот.
Дайынсыз кеткен Мауликеш
Казак диссиденттеринин бири Мауликеш Кайбалды Вальдфридхофго коюлду дегени менен, анын сөөгү азыр кайда экени белгисиз. Ал 1969-жылы Мүнхенде темир жолдо табышмактуу жагдайда каза болгон.
"Азаттык" радиосунун ардагер журналисти, Германиядагы казак диаспорасынын өкүлү Талгат Косжигит Мауликеш Кайбалды эскерип отуруп, "анын кантип каза болгондугу азыркыга чейин табышмак бойдон, иш ачыла жана иликтене элек" дейт.
Полиглот, акын жана жазуучу Мауликеш Кайбалды Түркстан Улуттук комитети чыгарган "Милли Түркстан" журналынын редакциясында иштеп, "Асан Кайгы" деген ылакап ат менен белгилүү болгон. Ал немис тилинде жазылган "Жұмақтан жеткен жансауға" ("Бейиштен айтылган жансоога") китебинин автору катары белгилүү.
"Казак дегенде жаны калбайт"
Мүнхендеги көрүстөнгө "Азаттыктын" казак кызматын жетектеген Даулет (Даулеткерей) Тагыберлинин да сөөгү коюлган. Айрым маалыматтарга караганда, анын мүрзөсү турган жердин акысы 2027-жылга чейин төлөнгөн. Тагыберлинин мүрзөсүн азыр калың чөп басып, ташы араң гана көрүнүп турат.
Журналист Алихан Жаналтай Даулет Тагыберли менен 1984-жылы АКШда таанышканын, ошол кезде эле анын ден соолугу начарлап, ооруп жүргөнүн айтат.
"Даулет Тагыберли менен Нью-Йоркто таанышканбыз. Кашмирде (Индия) төрөлүп өссөм да, казак редакциясында иштегениме кубанды. Бир-эки саат сүйлөштүк. Экөөбүз таанышкандан үч жыл өткөндөн кийин анын каза болгонун уктум. Анда анын аялы бар болчу. Ал мүрзөнүн акысын 40 жыл алдын ала төлөп беришкенин айткан. Мындан ары эмне болору белгисиз", – деди Жаналтай.
Даулет Тагыберли өмүрүнүн акыркы жылдарын АКШда өткөрүп, 1987-жылы каза болгондон кийин анын сөөгүн жубайы Мүнхенге алып келип, жерге берген.
Бейитине коюлган ташта латын тамгалары менен "Казак дегенде жаны калбайт" деген жазуу бар. Өмүрхан Алтын Тагыберлинин жубайы ташка жаздырган немис тилиндеги жазууну көрсөтүп, "Сенин өмүрүң сүйүү менен өттү, жаныңда жүрүп, сенин сүйүүңдү сезүү - мен үчүн чоң бакыт" деп которуп берди.
"Мүнхенди жакшы көргөндүктөн аны ушул жерге алып келип көмүшкөн. Даулет Тагыберли университетте мугалим болуп иштеген", - дейт Өмирхан Алтын.
Бул көрүстөндө "Азаттыктын" дагы бир мурдагы кызматкери Абдулла Дусиповдун (чын аты - Султанкабыл Жусипов) да мүрзөсү бар. Анын сөөгү жубайы жана кичинекей наристеси менен бир жерге коюлган. Ал Чыгыш Казакстан облусунда туулуп өскөн.
"Эми кеч болуп калды"
"Азаттык" Мүнхендеги көрүстөндүн администрациясына Карыс Канатбайдын мүрзөсүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу расмий кат жолдоду. Келген жоопто көрүстөн бузулганы тастыкталды. Бирок журналисттер Өмирхан Алтын менен чогуу көрүстөн администрациясына барды.
Карыс Канатбай тууралуу маалыматты компьютерден текшерген кызматкер жердин ижара мөөнөтү 2022-жылы бүтүп калганын, башка маалымат бере албастыгын билдирди.
"Биз кароосуз калган сөөктөрдү чогултуп, мүрзөнүн бир бурчуна көмөбүз, бошогон жерге башка кишинин сөөгү коюлат. Туугандары бир нече жыл мурун эскертишсе, сөөгүн өзүнчө сактамакпыз. Эми кеч болуп калды", - дейт көрүстөндүн кызматкери.
Өмирхан Алтындын айтымында, кароосуз калган казак интеллигенттеринин көрүстөнүнө байланыштуу маселе - казак бийлиги немис өкмөтү менен чече турган саясий тема.
"Бул мамлекеттик деңгээлде гана чечиле турган олуттуу маселе", - деди ал.
Карыс Канатбайдын мүрзөсүнүн түрттүрүлүшүн аны көзү тирүүсүндө тааныган "Азаттыктын" мурдагы журналисттери оор кабыл алышты. Алардын бири 1978-1995-жылдары Мүнхендеги "Азаттыкта" иштеген Алихан Жаналтай Карыс Канатбайды олуттуу, көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу адам болгон деп мүнөздөйт.
"Мен аны эки жолу көрдүм. Анда жаш кезим, жаңы үйлөнүп, биринчи балам төрөлгөн. Атам Түркиядан келип, үйгө аксакалдар чогулду. Карыс аганы да бата берсин деп чакырышты. Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин редакцияларынын жетекчилери да келишти. Таң атканча отурдук. Эсимде калганы - "өзүңөрдүн казак экениңерди унутпагыла, ата-тегиңерди билгиле, бирок урук-урукка бөлүнбөгүлө" деп айтканы" дейт Алихан Жаналтай.
1967-1995-жылдары "Азаттыктын" казак редакциясында иштеп, "Талгат Көкбулак" деген каймана ат менен таанылган Талгат Косжигит Карыс Канатбайды мүлк чогултуп, акчага кызыкпаган адам катары сыпаттайт.
"Биз бат-баттан жолугуп турчубуз. Ал тамашакөй адам эле. Аялы немис болчу. Биз анын үйүндө жатып да калчубуз. Даулет Тахиыеберли жана Абдулла Дусипов менен анын үйүнө барчубуз. Жолугушууларда мекени тууралуу ырларды ырдап, "элибиз эркин болобу?" деп ыйлачу", - дейт Талгат Косжигит.
Ал да табышмактуу жагдайда каза болгон Мауликеш Кайбалдыны эстеп, кайгырды.
"Ал абдан билимдүү болгон. Тили да курч эле. Мен анын макалаларын сактап койгом. Ал антикоммунист болчу. Совет бийлигин жек көрчү. Орус тилин орустардан дагы жакшы билчү. Орус редакциясынын журналисттери грамматика же башка темалар боюнча суроолору болсо ага кайрылышчу. Ал немис жана англис тилин билчү, бирок эч качан мактанчу эмес. Абдан жупуну адам эле", - дейт Косжигит.
Өмирхан Алтын Германиядагы казак элинин улуттук эгемендиги үчүн күрөшкөн инсандардын мүрзөлөрүн сактап калуу үчүн Казакстандын Берлиндеги элчилигине, бул өлкөгө келген парламент депутаттарына жана расмий өкүлдөргө оозеки кайрылуу жасаганын айтат. Ал казак бийлигин советтик идеялардан арыла албаганы үчүн сындап, казак диссиденттеринин мүрзөлөрүнүн жоголушуна аткаминерлер түздөн-түз жооптуу деген пикирде.
"Албетте, биздин да күнөөбүз бар. Бирок биз карапайым адамдарбыз. Күнүмдүк түйшүктөн улам келе албайбыз. Казакстандын Мүнхендеги консулдугу эмне кылат? Эгер Казакстан чындап эгемендүү өлкө болсо, бул эгемендикке салым кошкон инсандарды издеши керек. Бул жагдай - мамлекеттин аброюна жуккан кара так. Казакстандын президенти кийлигишип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Карыс Канатбайдын мүрзөсүн калыбына келтириши керек. Мустафа Шокайдан баштап улуттун эгемендиги үчүн күрөшкөн адамдардын сөөктөрүн мекенине кайтарып, жаш муундарга айтып туруу керек", - дейт ал.
Берлинде
Берлинде казак элчилигине барган "Азаттыктын" журналисттери элчи Нурлан Онжанов менен жолуга алган жок. Элчинин кеңешчиси Кадыр Касаболатов болсо Мүнхенде жоголуп бараткан казак диссиденттеринин мүрзөлөрү боюнча маселени талкуулоону каалаган жок.
"Биз атайын протокол менен иштейбиз. Ал маселеден кабардар эмеспиз. Биз азыр андай убада бере албайбыз. Кат жибергиле, карап чыгабыз", – деди кеңешчи.
"Азаттык" бул сапардын алдында Мүнхендеги консулдукка расмий кат жолдогон, бирок азырынча жооп ала элек.
Германиядагы элчиликтин басма сөз катчысы Адия Камбарбек Берлинде көмүлгөн Мустафа Шокайдын маселеси элчилик үчүн "жабык тема" тема экенин белгиледи.
"Элчи Мустафа Шокай тууралуу эч кимге интервью бербейт. Жада калса "Хабарга" да (Казакстандын мамлекеттик телеканалы – ред.). Бул азырынча жабык тема", - деди ал.
Элчиликтен кийин "Азаттыктын" кабарчылары Мустафа Шокайдын Берлиндеги түрк шейиттери мечитинин короосунда жайгашкан мүрзөсүнө да барышты. Бул жерге зыярат кылган түрк жарандарынын бири Мехмет Камшы Мустафа Шокайдын күмбөзү 1980-жылдары ксенофобиялык чабуулдардан улам бир нече жолу талкаланганын айтты. Анын айтымында, мүрзө түрк мамлекетинин камкордугунда болгондуктан, ал түрттүрүлбөйт.
"Бул өтө белгилүү адам. Анын мүрзөсүнө Казакстандан көп киши зыярат кылат", - дейт ал.
Жогоруда аты аталган Карыс Канатбай, Мауликеш Кайбалды, Даулет Тагыберли, Абдулла Дусипов - Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, согуштан кийин мекенине кайтпай калган казак диссиденттери. Совет бийлиги Түркстан идеясы үчүн күрөшкөн бул адамдарды "чыккынчылар" деп айыптаган. Казак тарыхчылары бул инсандардын ишмердиги жетиштүү изилдене электигин айтышат.