Зеленский согушту токтотуу үчүн АКШны “чечкиндүү” болууга чакырды

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москванын анын өлкөсүнө каршы баскынчылык согушун токтотуу үчүн АКШны чечкиндүү кадамдарга барууга чакырды. Бул күндөрү Нью-Йоркто расмий сапарда жүргөн украин лидери америкалык мыйзам чыгаруучулар менен жолугушуусунда Киевдин Вашингтонго ыраазычылыгын билдирип, Украинанын эркиндигин коргоодо АКШнын ролу чоң экенин белгиледи.

Зеленский Орусияга каршы согушунда жалпы эл аралык коомчулуктун да жардамы зарыл экенин айтты. 23-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриштин демилгеси менен уюштурулган «Келечек саммитинде» сүйлөп жатып ал жалпы дүйнөгө тынч келечек жана туруктуу өнүгүү керек экенин кошумчалады. Украина кезектеги тынчтык саммитин уюштуруп жатканын белгилеп, колдоо көрсөтүүгө чакырды:

«Мен бардык лидерлерди жана мамлекеттерди адилет жана тынчтык келечек үчүн биргелешкен аракеттерибизди мындан ары да колдоого чакырам. Путин көптү уурдаганга жетишти, бирок ал дүйнөнүн келечегин эч качан уурдай албайт. Мен буга ишенем», - деди Зеленский.

Украин президенти АКШга жекшемби күнү барган. Ал америкалык президент Жо Байденге, Конгресске жана президенттикке талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трампка «Тынчтык планын» сунуштайт. Бүгүн 24-сентябрда ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украинадагы кырдаал боюнча жыйынына катышат, шаршемби күнү Башкы Ассамблеяда сөз сүйлөйт.

Зеленский ABC News телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып «согуш аяктарына жакын калганын» айткан жана союздаштарын украин армиясын бекемдөөгө жардамдашууга чакырган.

Кремль украин лидеринин бул билдирүүсүнө жооп берип, кайсы гана согуш болбосун, аяктары анык экенин, бирок Орусия өз максатына жетүүнү көздөй берерин билдирди. Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Ар бир согуш, кандай болгон күндө да, тынчтык менен аяктайт. Бирок биз үчүн максаттарыбызга жетүүдөн башка альтернатива жок. Бул максаттар ишке ашкандан кийин атайын аскердик операция аяктайт”, - деди. (RK)

Дагы караңыз

Фрунзе заводун мамлекетке кайтаруу аракети, ишкерлердин жүйөсүЖАК: Абакта отургандар уюлдук телефон колдонгон учурлар толук жоюла элекТажикстанда окутуучуга кол көтөргөн студент кармалдыОрусия Украинанын сегиз аймагына 85 дрон жана ракета менен сокку урду