ЖАК: Абакта отургандар уюлдук телефон колдонгон учурлар толук жоюла элек

Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлигине карашты Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков абактарда уюлдук телефондорду колдонууга каршы күрөш болуп жатканын, бирок маселе дагы деле бар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Бул биз үчүн көйгөй жана мекеменин кадыр-баркына шек келтирет. Бирок биз муну менен күрөшүп жатабыз. Убакыт берсеңиздер бул көрүнүштү азайтып, акырындан жок кылабыз”, - деди ал.

Кыргызстанда жабык жайларда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынган. Бирок ага карабай жазасын өтөп жаткандар телефон колдонгон окуялар көп катталат.

Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов быйыл июль айында абактан уюлдук телефондон коркутуп кат жазып жатканы белгилүү болгон. Бул окуяга байланыштуу Жаза аткаруу кызматына караштуу №3 абактын үч кызматкери дисциплинардык жазага тартылган. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстанда окутуучуга кол көтөргөн студент кармалдыКазакстанда ЖККУнун машыгуусуна даярдык көрүлүүдөАжылык: Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүндүГүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болуп дайындалдыУлуттук банк үч жыл ичинде акчанын көбөйүшү тууралуу түшүндүрмө бердиБосния жана Герцеговинада акция уюштурган студенттерге кол салуу болдуЖК комитети Акаевдин арызы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун четке какты