Тажикстанда окутуучуга кол көтөргөн студент кармалды

Бехзод Назаров.

Тажикстанда окутуучуга кол көтөргөн деген шек менен Мамлекеттик коммерциялык университеттин экинчи курсунун студенти кармалганын 24-сентябрда «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

22 жаштагы Бехзод Назаровго ээнбаштык тууралуу айып тагылганын борбор калаа Дүйшөмбүнүн ички иштер башкармалыгы билдирди.

Окуя беш күн мурда университеттин ичинде, аудиториялардын биринде болгону, студент этика жана эстетика сабагынан берген окутуучу Тохир Султоновду мазактап, ур-токмокко алганы маалымдалды.

Быйыл жаңы окуу жылы башталар алдында өлкө президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбүдө билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда өкмөткө «Мугалимдин макамы жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдап, парламенттин кароосуна жөнөтүүнү тапшырган. Өз сөзүндө ал аталган тармакта көйгөй көп экенин айткан.

Калкы 10 миллиондун тегерегиндеги Тажикстанда, интернеттеги ачык булактарга караганда, 41 жогорку окуу жайы бар, алардын 17си университет, 14ү институт. Ал эми мектептердин саны 4 миңге жакын, аларда 2,3 миллиондой окуучу билим алууда. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын сегиз аймагына 85 дрон жана ракета менен сокку урдуКазакстанда ЖККУнун машыгуусуна даярдык көрүлүүдөИранда көмүр шахтасындагы жарылуудан ондогон өмүр кыйылдыКазакстан Kaspi санкция талаптарын бузбай иштеп жатканын билдирди