FIDE Орусия жана Беларус боюнча сунушту колдогон жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) бул уюмдун мелдештерине Орусияны жана Беларусту кайрадан катыштыруу тууралуу сунушту колдогон жок. Мындай чечим федерациянын Венгрияда өткөн соңку жыйынында кабыл алынды.

Ал эми аталган эки өлкөнүн спортчуларынын айрым категорияларын, тагыраак айтканда, 12 жашка чейинки курактагы балдардын жана майыптардын катышуусуна уруксат берүү жөнүндөгү сунуш талкуулоо үчүн FIDE Кеңешине жана Эл аралык олимпиада комитети жөнөтүлгөнү маалымдалды.

2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин олимпиада комитети жана көптөгөн эл аралык спорттук бирикмелер сыяктуу эле аталган федерация да орусиялык жана беларусиялык спортчуларга чектөө киргизген. Мындай чектөөнү толук алып салуу тууралуу сунушу менен Кыргызстандын Шахмат федерациясы кайрылган. Кыргызстандын демилгесине Украина жана АКШ каршы чыккан. (RK)

Дагы караңыз

Маалыматтык изилдөө борбору эмне менен алектенет? "Уруксатсыз жүргөндөрдүн тизмеси түзүлөт". Орусия мигранттарга жаңы чектөө киргизүүдө"Тил мыйзамын аткаминерлер аткарбай жатат". Кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү өксүктөр Эне тилин аздектеген кытайлык кыргыздар