Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилди

Тажикстан. Архивдик сүрөт.

Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизилип жатканын 23-сентябрда “Азаттыктын” тажик кызматы «Барки точик» мамлекеттик энергохолдингине таянып маалымдады. Аталган мекеме эки күн мурда атайын билдирүү таратып, быйылкы кыш өтө суук жана узак болорун, элге электр жарыгы 22-сентябрдан тартып чектелип бериле баштай турганын эскерткен.

Буга чейинки жылдары мындай чектөө октябрь айынан тартып жарыяланчу.

Мекеме проблеманын себеби катары суунун жетишсиздигин, калктын көбөйүшүнөн улам керектөө да өскөнүн атап, элди кышка жакшы даярданууга, электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырды.

Социалдык түйүндөрдө тажикстандык колдонуучулар Дүйшөмбү, Гиссар жана башка бир катар шаарлардын айрым маалелеринде жергиликтүү тургундар электр жарыгы өчкөнү тууралуу маалыматын жарыялап, өлкө эгемендикке ээ болгон 30 жылдан бери бул маселе таптакыр чечилбей келатканына нааразылыгын айтып жатканын көрүүгө болот.

«Барки точик» ишканасынын маалыматында мындай жагдайга суу-энергетика ресурстары боюнча абал негизги себеп экени белгиленип, «Эксперттердин баамында, быйыл энергетика тармагында тартыштык 1 млрд киловатт/саатка жетиши мүмкүн», - деп айтылды. (RK)

Дагы караңыз

"Кыргыз тилине мамлекеттик макам берилсин деген академик Орузбаева суракка алынган""Уруксатсыз жүргөндөрдүн тизмеси түзүлөт". Орусия мигранттарга жаңы чектөө киргизүүдөКочкордогу кинотеатрга Геннадий Базаровдун ысымы берилдиЭне тилин аздектеген кытайлык кыргыздар