Жапаров Нью-Йоркто Кыргызстан "жашыл" экономикага өтүүдө ийгиликке жеткенин айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан "Келечек" саммитине катышты. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан саммитттин алкагында кабыл алынчу "Келечек Пактын" колдорун айтты.

"Биз ошондой эле Келечек муундар жөнүндө декларацияны кабыл алууну колдойбуз, анткени дал ошол кийинки муундар биздин бүгүнкү чечимдерибиздин жүгүн өз мойнуна алышат. Туруктуу өнүгүү максаттарынын аткарылышын олуттуу тездетишибиз керек. Биз жакырчылыкты жоюуда, инфраструктураны өнүктүрүүдө жана санариптештирүүдө, ошондой эле “жашыл” экономикага өтүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Туруктуу өнүгүү максаттарын туура көз караш жана саясий эрк менен, чектелген ресурсу бар чакан өлкөлөр да аткара аларын көрсөттү", - деди ал.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында климаттын өзгөрүшү, коопсуздук, чыр-чатактарды чечүү, өзөктүк куралдан арылуу маселелери каралууда.

Анын алкагында өтүп жаткан "Келечек" саммитинде туруктуу өнүгүү жана каржылоо, эл аралык тынчтык жана коопсуздук, илим, технология жана инновация, санариптик кызматташтык талкууланып жатат.

Садыр Жапаров Нью-Йоркко 22-сентябрда барды. 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясы 30-сентябрга чейин уланат. (AiA)

Дагы караңыз Сузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты