Украинадагы согушту сындаган орусиялык жаран Алматы аэропортунда кармалды

Алматы шаарынын аба майданы.

"Свобода" радиосу Казакстандын Алматы шаарындагы аба майданда орус жараны Евгений Наказненко кармалганын жазды. Ал Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Орусияга өткөрүлүп бериши мүмкүн.

"Свобода" радиосунун маалыматына караганда, Евгений Наказненкого "армия тууралуу фейк маалымат таратуу жана терроризмге чакыруу" беренелери менен иш козголгон. Кылмыш иши тууралуу так маалымат белгисиз. Наказненко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында согушка каршы пикирин билдирип, орус бийлигинин саясатын кескин сындап келген.

Оппозициячыл журналист Евгения Балтатарова Наказненкону жоопкерчиликке тартуу тууралуу маселени орусиячыл көз караштагы казакстандык блогер Антон Бударов көтөргөнүн жазды.

Адвокат Диас Кентай улы Ахметов "Сота" басылмасына Наказненко ага карата Орусияда козголгон кылмыш иштери тууралуу кабары жоктугун жана жашырынууга аракет кылбаганын айтканын билдирген.

ОВД-Инфонун маалыматы боюнча, Наказненкону Алматы аэропортунда Түркияга бараткан жеринен кармап кетишкен. Сот аны 40 күнгө Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Евгений Наказненко 8-августта Орусиянын “экстремисттер менен террорчулар” реестрине киргизилгени белгилүү болду.

Анын улуту украин, орус жарандыгына ээ. 2007-жылдан бери Казакстанда жашап, Oxford Team чет тилдер мектебин негиздеген. (AiA)

Дагы караңыз

Сузактагы кайра шайлоо: 16:00гө карата шайлоочулардын 9% добуш бердиТажикстан: Украинадагы согушка тартылган эки жарандын сөөгү келди