Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Тажикстан: Украинадагы согушка тартылган эки жарандын сөөгү келди


Тоолуу-Бадахшан аймагы
Тоолуу-Бадахшан аймагы

Орусиянын тарабында Украинадагы согушка катышып, каза тапкан эки тажикстандык жарандын сөөгү мекенинен келгенин "Озоди" радиосу жазды.

36 жаштагы Садик Камбаровдун сөөгү Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Ишкашим районуна алып келинди. Маалыматка караганда, ал Орусиянын армиясынын катарында Украинада согушуп курман болгон. Камбаров 18-июлда каза болгон, сөөгү сентябрда жеткирилген.

Экинчи маркумдун аты-жөнү, анын кандай жагдайда каза болгонун жергиликтүү бийлик ачыктаган эмес.

Маркумдар кандай жагдайда согушка тартылганы белгисиз.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөй эле Тажикстанда да чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан жарандар жоопко тартылат. Тажик өкмөтү бул берене боюнча кармалган же соттолгон учурларды расмий билдире элек.

Укук коргоочулар борбор азиялык мигранттардын айрымдары өз ыктыяры менен согушка барганын, айрымдары орус паспортун алгандан кийин аскерге чакырылганын, айрымдары Орусиянын абактарынан жиберилгенин билдиришет.

Тажикстандын Эмгек жана иш менен камсыздоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку алты айда Орусиядан 17 миң тажик жараны чыгарылган.

Быйыл мартта Орусияга "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин мигранттарды басмырлоо күч алганы кабарланууда. 145 кишинин өмүрүн алган кол салууну уюштурууга тиешеси бар деген кине менен орус бийлиги 15ке чукул адамды кармаган. Алардын көбүнүн теги тажикстандыктар экени айтылган. (AiA)

XS
SM
MD
LG