Аба ырайы: тоолуу аймактарда жамгыр жаайт  

Бишкек. Күз.

22-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27.

Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 27…29° жылуу болот.

Дагы караңыз

Казакстанда абактагы окуядан эки аскер, бир кызматкер жабыркады