УКМК кыргыз-казак мамилеси боюнча чагымга алдырбоого чакырды

Казакстандагы Көчмөндөр оюндары учурундагы көкбөрү оюну. 12-сентябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттук мелдештерге байланыштуу улут аралык кастыкты козутуу боюнча деструктивдүү аракеттер аныкталганын билдирди.

УКМК Фейсбукта Косай Сүйүнкүлов аттуу колдонучу жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Казакстандын желегин машинесинен атайын алып салып жатканы тартылган видеону таратып, ал ар кандай пикирлерди жаратканын маалымдады. Атайын кызмат тасманын автору 21 жаштагы С.У.С аттуу кыргыз жараны экенин аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

УКМК спорттук оюндар боюнча жарандарды чагымга алдырбай, эки өлкөнүн достук мамилесине залакасын тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерди токтотууга чакырат.

Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар жана көкбөрү боюнча оюндар өз-өзүнчө өткөн. Көкбөрүдөн финалдык беттеште кыргыз курамасы Казакстандын көкбөрү курамасы менен беттешип, 10:4 эсебинде жеңишке жетти. Көкпардан да финалда казак жана кыргыз курамалары күч сынашып, Казакстан 5:4 эсебинде уткан.

Көкпардан өткөн финалдык оюн учурунда чыр чыгып, оюн 35 мүнөттөй токтотулган. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Ушундан улам нааразылык болуп, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулуп, кийин кайра уланган. Бул оюндан кийин күйөрмандар арасында нааразылык жаралып, Кыргыз көкбөрүчүлөрү оюн калыс болбогонун айтышкан. (TSh)

Дагы караңыз

Ошто өткөн “Билим айтыштын” жеңүүчүлөрү аныкталды