Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:26

Ошто өткөн “Билим айтыштын” жеңүүчүлөрү аныкталды


Өмүр Мамбеттокто Түгөлбай Казаков.
Өмүр Мамбеттокто Түгөлбай Казаков.

Ош шаарында төкмө акындардын "Билим айтышынын" жыйынтыгында Өмүр Мамбеттокто 1-орунду алып, ага 100 миң сом сыйлык ыйгарылды.

2-орунду ээлеген Нурсултан Малдыбаев 80 миң сом, 3-орунга ылайык табылган Кутман Садыбакасов 60 миң сом алды. Ошондой эле бардык акындар уюмдун атайын стипендиясы менен сыйланды.

Төкмө акындар бул жолку “Билим айтышта” үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, тил жана маданият темаларында төгүштү.

Эл аралык Интерньюс уюму улуттук "Манас" театры менен үч жылдан бери кызматташып келет. Бул арада манасчыларга өз өнөрүн жаңы технологиянын жардамы аркылуу жайылтуу боюнча атайын семинарлар өтүлгөн. Уюм төкмө акындар менен да медиасабаттулукту арттыруу багытында иш алып барып, "Билим айтыш" долбоорун негиздеген. Аталган долбоордун айтышы быйыл үчүнчү ирет өткөрүлдү. (MKt)

XS
SM
MD
LG