"Вайлдберриздин" негиздөөчүлөрүнүн бири Бакальчук бошотулду

Владислав Бакальчук.

Москвадагы Wildberries компаниясынын кеңсесиндеги атышууга байланыштуу отуз киши кармалды. Ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчук бошотулду. Бул тууралуу “Свобода” радиосу жазды.

Бакальчук 20-сентябрь кечинде Телеграм-каналына кеңседеги атышуу тууралуу жазып, 18-сентябрда белгисиз куралдуу кишилердин чагымынан улам “трагедияга айланып кетти” деди. Ал Татьяна Бакальчук менен жолугууга жана маселени тынч жол менен чечүү үчүн барганын айтты.

Атышуудан эки киши каза болуп, жети адам жарадар болгон. Жарадарлар арасында эки полиция кызматкери бар. Компаниянын басма сөз кызматы жана негиздөөчүлөрүнүн бири Татьяна Бакальчук куралдуу топ кеңсени басып алууга аракет кылып жатканын билдирген.

Орусиянын Тергөө комитети Wildberries ишканасынын борбордун кеңсесине кол салууга катышкан 33 адамды аныктады. Алардын арасында Владислав Бакальчук дагы бар. "Коммерсант" басылмасы күч органдарындагы булактарына таянып, анын маселеси чечиле электигин жазды.

Орусиядагы эң кирешелүү жана ийгиликтүү бизнестердин бири, Кыргызстанда да кулач жайган Wildberries соода аянтчасынын айланасында чоң жаңжал быйыл жайында тутанган. Анын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук ажырашып жатканын айтса, күйөөсү Владислав Бакальчук компания рейдерликке туш болгонун жар салып, Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровго даттанган. Айрым иликтөөчү журналисттер бул окуяда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, согуш маалында менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатканын да белгилешкен.

Дагы караңыз

УКМК Шеримкуловдун мектеп имараты жөнүндө билдирүүсүнө жооп берди