Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

УКМК Шеримкуловдун мектеп имараты жөнүндө билдирүүсүнө жооп берди


Медеткан Шеримкулов.
Медеткан Шеримкулов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) парламенттин экс-төрагасы Медеткан Шеримкуловдун мыйзамсыз менчиктештирилген мектеп имаратынын “ээси эмесмин” деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт деп маалымат таратты.

Атайын кызмат Шеримкуловдун жалпыга маалымдоо каражаттарында айткан сөзүн төгүндөгөн документтер бар экенин билдирди.

УКМК берген маалыматка ылайык, 1998-жылдан бери жерди пайдаланууга укук берген мамлекеттик документке Медеткан Шеримкуловдордун үй-бүлө мүчөлөрү мыйзамсыз ээ болуп келген. Мындан улам жергиликтүү бийлик органдары аталган имаратты өз балансына өткөрө алган эмес.

“Буга байланыштуу Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бир нече жолу Шеримкуловдун үй-бүлөсүнө жерди пайдаланууга укук берген мамлекеттик акты берүүгө кайрылган. Акыркы жолу 2023-жылдын сентябрь айында кайрылган. УКМКнын тийиштүү чараларынын жыйынтыгында 2024-жылдын 11-сентябрында “документтерди кабыл алуу, берүү актысынын” негизинде Сокулук районундагы Жыламыш айылындагы мектептин укук белгилөөчү документи Гаврилов айыл өкмөтүнө өткөрүлдү”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК бул боюнча документтерди дагы жарыялады.

18-сентябрда УКМК Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылында 376 миллион 339 миң сомдук мектептин имараты мамлекеттин менчигине кайтарылганын кабарлаган. Анда атайын кызмат мектептин имараты жана 20 гектар аянты 1998-жылы жер мыйзамдарын бузуу менен менчикке өтүп кеткенин билдирген.

УКМК текшерүүнүн жыйынтыгында мектептин ээси М.Ш. аталган объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп бергенин маалымдаган. Айрым социалдык колдонуучулар жердин ээси коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов экенин жазып чыгышкан. Медеткан Шеримкулов ал жерге анын тиешеси жоктугун "Азаттыкка" билдирген.

19-сентябрда Шеримкулов Би-Би-Сиге маек куруп, эч кандай жери жок экенин, бул боюнча УКМК башчы Камчыбек Ташиевге кайрылганын айткан.

Медеткан Шеримкулов - Кыргызстан эгемендик алган кездеги Жогорку Кеңештин - легендарлуу парламенттин төрагасы болгон. Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры наамын алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG