Орусиянын Жогорку соту Крым татарларынын арызын четке какты

(Солдон оңго) Рустем Сейтмеметов, Сейтумер Сейтумеров, Осман Сейтумеров.

Орусияда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган крымдык төрт татардын өкүмүнө каршы Жогорку сотко жазган апелляциялык арызы четке кагылды. Бул тууралуу бүгүн 20-сентябрда адвокат Эмил Курбединов билдирди.

Төртөөнө тең экстремизмге байланыштуу айып тагылган, баары мындай кине коюлушун мыйзамсыз деп аташкан.

Сейтумер Сейтумеров, Осман Сейтумеров, Амет Сулейманов жана Рустем Сейтмеметов — Украинанын Орусия ээлеп алган Крым аймагынын тургундары. 2021-жылдын октябрында алар Орусияда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деген айып менен 12-17 жылга эркинен ажыратылган.

«Мемориал» укук коргоо уюму аларды саясий туткун деп жарыялаган.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес... Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан. (RK)

Дагы караңыз

"Айзаданы куткарышкан эмес". HRW мурдагы милиция башчысы акталганын сындады Кечки Азаттык (1-чыгарылыш) Тажикстанда улгайган оппозиционер ооруканадан кайра түрмөгө которулду"АКШда бир жыл оку". FLEX программасы окуучуларды кабыл алууда