Бишкек шаарында быйыл жыл аягына чейин жарандарга ипотекага 2 184 батир берүү пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов 20-сентябрда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында айтты.
Анын сөзүнө караганда, мунун ичинен Калык Акиев көчөсүндө салынып жаткан үйдөн 216, “Жал” кичи районунан 288, Скрябин көчөсүндө салынып жаткан турак жайдан 549, Маликов көчөсүнөн 986, Юдахин көчөсүнөн 81, “Тунгуч” кичи районунан 54, Анкара көчөсүнөн 10 батир берилет.
Ал Кыргызстанда ипотекалык үйлөрдү куруу үчүн жалпы 139 гектардан ашык жер бөлүнгөнүн, ушул тапта мамлекеттен ипотекага үй алуу үчүн 32 395 адам кезекте турганын кошумчалады. Алардын көбү Бишкек шаарында.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Президент Жапаров укуктук мамлекеттин калыптанышына сот тутумунун салымы чоң экенин белгиледиУкраина: Сумыда карылар үйүнө сокку урулуп, киши өмүрү кыйылдыЕвропарламент Эдмундо Гонсалести Венесуэланын президенти катары тааныдыБайден жана Харрис Зеленский менен 26-сентябрда жолугатАКШ Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы ортомчуларга санкция салды