Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Украина: Сумыда карылар үйүнө сокку урулуп, киши өмүрү кыйылды


Бейшемби күнү орус армиясынын чабуулунан Украинанын Сумы шаарындагы улгайган адамдар дарыланчу пансионат зыян тартты. Соңку маалыматтарга караганда, бир киши каза болду, 13ү жараат алды. Алардын айрымдарынын абалы оор экени кабарланды. Жараат алгандардын дээрлик бардыгы улгайгандар. Аталган жайда 200дөй киши туруктуу жашап келген.

Облустук аскердик администрациянын белгилешинче, орус армиясы пансионатты башкарылчу авиациялык бомба менен атайын бутага алган.

Украинанын президенти Владмир Зеленский окуя тууралуу айтып, "Орусиянын бул жер аскер базасы, аскердик объект эмес, анда улгайган адамдар жашай турганын билбей калышы мүмкүн эмес эле", - деген.

Орусиянын Коргоо министрлиги сокку тууралуу комментарий бере элек.

Сумы облусу укриан армиясы 6-августта кирип барган Орусиянын Курск облусу менен чектешет. Владимир Зеленский Украинада Орусиянын жерин ээлеп алуу ниети жок экенин, бирок сүйлөшүүлөрдө, туткун айырбаштоодо көбүрөөк мүмкүнчүлүк алууга жол ачыларын айткан. Ошол эле маалда украин армиясы Курск аймагына киргенден бери аткылоо бир топ күчөгөн.

Сумынын администрациясы жалпысынан алты миңдей адам жашаган 23 конуш милдеттүү түрдө эвакуацияланганын жарыялады. Сумыда балдар үйү жана реабилитациялык борбор ракеталык чабуулга кабылды. Бир күн мурун энергетикалык объектиге жасалган соккудан кийин шаар дээрлик толугу менен жарыксыз калган.

XS
SM
MD
LG