Президент Жапаров укуктук мамлекеттин калыптанышына сот тутумунун салымы чоң экенин белгиледи

Президент бир катар өлкөлөрдүн сотторун кабыл алды. 20-сентябрь, 2024

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда “Ынтымак Ордодо” бир катар чет өлкөлөрдүн сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды. Бул күнү Кыргызстандын сот тутумунун 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Ага катышуу үчүн Түркия, Азербайжан, Молдова, Кытай, Беларус, Казакстан, Өзбекстан, Армения сотторунун төрагалары, орун басарлары, Европа комиссиясынын, КМШ, Экономикалык сотунун, Евразия экономикалык бирлигинин өкүлдөрү Кыргызстанга келишкен.

Мамлекет башчы аларды кабыл алып, ар бир мамлекеттин өнүгүшүндө, укуктук мамлекеттин калыптанышына сот системасынын ролу жогору экенин белгиледи. Кыргызстанда сот тутуму жарандардын мыйзамдуу укуктары менен эркиндигин ишенимдүү коргоп келатканын кошумчалады. Жапаров Кыргызстан башка мамлекеттер менен көп тараптуу интеграциялык процесстерди толугу менен колдой турганын айткан.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, сот тутумунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Бишкекке 9 өлкөдөн 12 делегация келген.

Кыргызстанда Жогорку Сот алгачкы жолу 1924-жылдан баштап түптөлө баштаган. Анда Түркстан бөлүнүп, Кара-кыргыз автономдуу облусу болуп кайра түзүлгөн. Ал учурда Кыргызстанда төрт округ болуп, элдик соттун 23 участкасы иштей баштаган. Ошондон тарта Жогорку Соттун тарыхы башталат. (КЕ)

Дагы караңыз

Украина: Сумыда карылар үйүнө сокку урулуп, киши өмүрү кыйылдыЕвропарламент Эдмундо Гонсалести Венесуэланын президенти катары тааныдыБайден жана Харрис Зеленский менен 26-сентябрда жолугатАКШ Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы ортомчуларга санкция салды