Арстанбапта мигрант 180 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруп берди

Арстанбап айылындагы №19 орто мектептин кошумча имаратын Орусияда эмгектенген кыргызстандык ишкер куруп берди. 18-сентябрь, 2024

Жалал-Абад облусуну караштуу Базар-Коргон районунундагы Арстанбап айылындагы №19 орто мектептин кошумча имараты жергиликтүү тургун, жеке ишкер Кубат Досматовдун демөөрчүлүгү менен бүткөрүлдү.

180 окуучуга ылайыкташкан эки кабат билим уясынын жаңы корпусу жана кичи футбол аянтчасы 18-сентябрда ачылды. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район жетекчилиги жана парламенттин депутаты катышты.

Орусияда көп жылдан бери соода-сатыкта жүргөн Кубат Досматов ушуну менен Арстанбап-Ата айыл аймагындагы экинчи мектепке демөөрчүлүгүн көрсөтүп жатат. Ал буга чейин 300 орундуу мектеп жана спорт залды бүткөрүп берген. Ал эми Арстанбап атындагы №19 орто мектебинин кошумча имаратынын курулушу быйыл жазында башталган.

Мектепке класстык бөлмөлөр жетишпегендиктен 2023-2024-окуу жылында башталгыч класстын окуучулары үч нөөмөттө билим алышкан. Мындан ары алты бөлмөдөн турган имаратта башталгыч класстар билим алып, эки нөөмөт менен окушат. Мектептин курулуш материалдары үчүн 7-8 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталган.

Айыл өкмөт кошумча корпусту курууга 850 миң сом бөлгөн.

Демөөрчүгө "Базар-Коргон районунун ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды. Аталган мектеп 1954-жылы ачылган. 2023-жылы 23 млн сом сарпталып, капиталдык оңдоп-түзѳѳдѳн ѳткѳрүлдү. Мектепте 1310 окуучу билим алып, 68 мугалим жана 24 техникалык кызматкер иштейт. (ТВ)

Дагы караңыз

Ливандагы жардыруудан каза болгондордун саны 37ге жеттиФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 4 тепкич артка кетип, 106-орунду ээледиWildberries ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчук кармалдыУкук бузуулар жөнүндө протоколдун дубликатын даярдоого шектүүлөр кармалды