Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Укук бузуулар жөнүндө протоколдун дубликатын даярдоого шектүүлөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Учкун" басмаканасынын кызматкерлери жана Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлорунун коррупциялык схемасы аныкталганын билдирди.

Мекеменин 19-сентябрдагы маалыматына караганда, басмакананын бланктарды чыгаруу цехинин эки жумушчусу жеке материалдык пайда табуу максатында белгиленген эрежелерге каршы административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдордун дубликаттарын даярдоого шектүү катары кармалды.

Алар Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларга тергөө жүрүп жатат.

Атайын кызмат бул ишке катышы барларды аныктоо жүрүп жатканын билдирди.

16-сентябрда ушул эле ишке байланыштуу Бишкек патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери кармалган.

Кармалгандар тараптан комментарий боло элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG