Ливандагы жардыруудан каза болгондордун саны 37ге жетти

Сатуучу батареясы жок рацияны көрсөтүп жатат, ал коопсуздук үчүн алып салган, Ливан, 18-сентябрь, 2024-жыл.

Ливанда 17-18-сентябрда пейжер жана башка байланыш каражаттардын жарылуусунан каза болгондордун саны кеминде 37 кишиге жетти. Бул тууралуу Ливандын саламаттык сактоо министри Фирас Абиад билдиргенин "Аль-Жазира" жазды. Мунун алдында жергиликтүү "Аль-Хурра" телеканалы 32 киши каза болгонун кабарлаган.

Алардын 12си пейжерлер жарылган биринчи күнү каза болгон. АКШ, Израил жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган "Хезболла" тобунун кеминде тогуз мүчөсү, анын ичинде жыйырмадан ашуун адам экинчи күнү башка техниканын жарылуусунан каза болушту. Өлгөндөрдүн арасында бир нече бала бар.

Эки жолку жардыруудан 3 миңден ашуун киши жараат алды.

Ливандын бийлиги жапырт чабуул үчүн Израилди айыптоодо. Израил жардыруулардагы өзүнүн ролун расмий тастыктаган да, четке каккан да жок. Бирок NYT Израилдин аскер ведомстволорунун 12 булагына таянып, чабуулдун артында израилдиктер турганын жазган. Гезиттин маектештери бул операцияны оор деп атап, анын кандай даярдалганын айтып беришкен.

NYT агенттигинин маалыматына караганда, Израил бери дегенде үч эл аралык, анын ичинде венгриялык B.A.C.Consulting пейжер компаниясын түзгөн. Компания жөнөкөй кардарлар үчүн коопсуз пейджерлерди чыгарган. Хезболлага берилген аппараттардын ичинде жардыргыч заттары бар батареялар болгон. Израилдин чалгын кызматкерлери аларды убагы келгенде басууга боло турган баскычтар деп аташкан.

"Хезболла" пейжерлерди 2022-жылы жайында сатып ала баштаган. Топтун лидери Израилдин хакердик чабуулунан кооптонуп "мобилдик телефондорду жок кылууну" буюрган жана пейжерге буюртманын көлөмүн көбөйткөн.

Буга чейин "Хезболла" өз мүчөлөрүн өлтүргөндүгү үчүн Израилден өч алууну убада кылган. Израилдин коопсуздук кызматтары бул топ мүмкүн болушунча тез арада жооп кайтарарын жокко чыгарбайт. Өлкөнүн коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Дагы караңыз

19-сентябрь: БУУнун Израилге койгон талабы, Москвадагы мигранттардын мектеп көйгөйүФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 4 тепкич артка кетип, 106-орунду ээледиWildberries ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчук кармалдыТИМ Москвада балдарын мектепке киргизе албай жаткан мигранттар тууралуу маалымат берди