Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

ТИМ Москвада балдарын мектепке киргизе албай жаткан мигранттар тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда балдарын мектепке киргизе албай жаткан кыргызстандык мигранттар тууралуу кайрадан комментарий берди.

Мекеме бул маселе боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын президентинин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине жана Москва өкмөтүнүн Билим берүү департаментине бир нече кайрылуу жөнөткөнүн билдирди.

Орусия айрым мектептерде бош орундар жок болгондуктан мигранттардын балдарын кабыл алууда көйгөй жаралганын кабарлаган.

ТИМдин маалыматына ылайык, ушул тапта Москва шаарында жана Москва облусунда 224 бала мектепке кирүүгө кезек күтүп жатат. Министрлик 16-августта да маалымат берип, Орусиянын бул аймактарында эмгек мигранттарынын балдары окууга кире албай жаткан учурлар бар экенин, бирок мындай окуялар көп эмес экенин маалымдаган.

“Азаттык” радиосунун “Мигрант медиа” долбооруна Орусиядагы кыргызстандык бир нече мигрант кайрылып, балдарын мектепке киргизе албай жатканына даттанган. Алар президент Садыр Жапаровго, элчиликке кайрылуу жасап, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG