Акын Аскат Жетигендин сотунда эксперттер көрсөтмө берип жатат

Акын Аскат Жетиген.

Бишкек шаардык сотунда акын жана активист Аскат Жетигендин апелляциялык арызы каралып, эксперттер көрсөтмө берүүдө. Августтун соңундагы соттук отурумда адвокаттар эксперттерди чакырууну соттон өтүнгөн.

Эксперт Гуля Мураталиева Жетигендин айткандарында бийликти басып алуу чакырыгы жок деген корутундуну окуп берди. Ал эми эксперт Нурлан Сакпаев тескерисинче анын айткандарында "бийликке карата терс маанайдагы сөздөр" бар экенин белгиледи.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Жетигендин иши боюнча 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен "күнөөлүү" деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.

Мунун алдында Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке каккан. Ал “социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган кайрылууларында элди бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырбаганын” кайталаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкекке алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-марттагы соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (КЕ/ZKo)

Дагы караңыз

Грузияда белгилүү трансгендер моделдин өлүмү иликтенүүдөАрдагер журналист Баян Жумагулованын иши сотто карала баштады Укук коргоо кызматкерлерин сүрөт-видеого тартып, каралагандарды жазалоо сунушталдыАКШ Ирандагы "зомбулук үчүн" 12 адамга каршы санкция жарыяладыИИМ: "Коопсуз шаар" долбоору бардык аймактарда ишке киргизилет