Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Ардагер журналист Баян Жумагулованын иши сотто карала баштады


Баян Жумагулова
Баян Жумагулова

Ардагер журналист Баян Жумагулованын иши 11-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып, лингвист-эксперттер көрсөтмө берди. Бул тууралуу журналист өзү "Азаттыкка" билдирди. Ал өзүнүн Фейсбуктагы жазгандарына лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адистердин бирин алмаштырууну соттон өтүнгөн:

"Менин жазгандарыма лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адистердин бири жоолукчан, тагыраак айтканда, диний ишеними бар аял экен. Ошондуктан мен анын бейтараптыгына ишене албасымды айтып, алмаштыруу өтүнүчүн келтирдим. Сот аны кийинки процессте карамай болду".

Жумагулованын маалымдашынча, кийинки жараян 24-сентябрда өтөт. Райондук сот бул иш боюнча маалымат бере элек.

Журналистке Свердлов райондук милициясы 22-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзгөн. Ага карата Фейсбукта "арапкул" деген сөзү үчүн кылмыш иши козголгонун билдиришкен.

Баян Жумагулова 65 жашта, 2-топтогу майыптыгы бар. Көп жылдан бери чет жакта жашайт. "Азаттыкта" иштеп, пенсияга чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG