Кыргыз-кытай комиссиясы Барскоон - Үч-Турпан - Аксуу унаа жолун биргелешип курууну талкуулады

Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйыны. 2024-жыл, сентябрь

Бээжинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Отурумда өзгөчө эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө, инвестициялык, тоо-кен, финансы тармактарында кызматташтыкты тереңдетүүгө жана Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине көңүл бурулду.

Кыргыз-кытай чек арасында жаңы ачылган “Бедел” өткөрүү пунктун инфраструктуралык жактан модернизациялоо, Барскоон - Үч-Турпан - Аксуу унаа жолун куруу иштерин биргелешип жүргүзүү маселеси тууралуу сөз болгон.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын Кытай менен санариптик экономика, айыл чарба, туризм, энергиянын жаңылануучу булактары жана чек ара соодасы сыяктуу тармактарда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү чоң экендигин билдирди.

Кытай тараптын маалыматы боюнча, 2023-жылы соода жүгүртүүнүн көлөмү 20 млрд долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 32% өскөн. Быйыл январь-июль айларында соода жүгүртүү 11 миллиардга жакын долларга жеткен.

Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жана Кытайдын коммерция министринин орун басары Лин Цзинин төрагалыгы алдында өткөн.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Бедел" өткөрмө бекети 3-сентябрда ачылган.

Кыргыз-кытай чек арасында “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери бар. 1-марттан тарта алар күнү-түнү, дем алышсыз иштөөгө өттү. (КЕ)

Дагы караңыз

Акматбек Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кеттиЖаңы жылдан тартып Москвада мигранттар тейлөө тармагында иштей албайт​Төрөбаев майда дыйкан чарбалар кооперативге биригерин билдирдиЖоомарт Карабаев абактан кат жазып, президентке кайрылды