Акматбек Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кетти

Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кетти.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

"Акматбек Келдибековичтин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аткаруу комитети ушундай чечим чыгарды. Жакынкы күндөрү шайлоо болот", - деди Улан Молдодосов.

Акматбек Келдибеков Кыргызстандын Оор атлетика федерациясын дээрлик 15 жыл башкарды. Ал алгачкы жолу бул кызматка 2009-жылы келип, андан кийин 2012-жылы, 2017-жылы жана 2021-жылы кайра шайланган. Федерациянын президенти төрт жылдык мөөнөткө шайланат. (GT)

Дагы караңыз

​Төрөбаев майда дыйкан чарбалар кооперативге биригерин билдирдиЖаңы жылдан тартып Москвада мигранттар тейлөө тармагында иштей албайтЭркин Тентишев Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланды Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти