Украина: Согуш жүргөн жерден ит-мышыкты куткаргандар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украиналык ыктыярчылар согуш жүрүп жаткан жерлерде ит-мышыкты сактайбыз деп өмүрүн тобокелге салууда. Эвакуацияда үй жаныбарларын кошо алып кетүү каралган эмес. Ал эми ыктыярчылар издеп тапкан жаныбарлар коопсуз жайга жеткирилет. Аларды кийин кожоюндары алып кеткиче баш калкалоочу жайда багылат.