Казакстанда мурдагы акимге берилген сыйлык жараксыз деп жарыяланды

Сыйлыкты тапшыруу салтанаты. Ислам Абишев (солдо) жана азыркы аким Жаксылык Омар (оңдо).

Казакстанда мурдагы акимге тапшырылган сыйлык жараксыз деп жарыяланды. “Азаттык” радиосунун казак кызматы 17-сентябрда билдиргендей, Өскемен (Усть-Каменогорск) шаардык администрациясы калаанын мурдагы акими Ислам Абишевге “шаарды өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн” деп эки апта мурда тапшырган төш белгисин жараксыз деп жарыялады.

Мындай чечимдин кабыл алынышына социалдык түйүндөрдө ал 2020-жылы жемкорлукка айыпталып, соттолгонун эскерткен комментарийлер себеп болгону белгиленди.

30-августта Шаар күнүнө жана Конституция күнүнө карата Өскемендин өнүгүүсүнө өз салымын кошту делген жарандарга салтанаттуу түрдө сыйлыктар тапшырылган. Акимчилик Ислам Абишевди сыйлыкка шаар коомчулугу көрсөткөнүн, анын тушунда калаада жакшы өзгөрүүлөр болгонун белгилеген.

Абишев бул шаардын акими болуп 2009-2012-жылдары иштеген. Казакстандын Айыл чарба министрлигинде суу ресурстары боюнча комитеттин төрагасы кызматын эки ирет ээлеген. 2019-жылы кармалып, 2020-жылы он миллиондогон теңгелик пара алуу тууралуу ишке байланыштуу соттолгон. Адвокаттары ага тергөөчүлөр басым көрсөткөнүн айтып чыгышкан. Мурдагы аким беш жылга эркинен ажыратылып, 2021-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгарылган. (RK)

Дагы караңыз

Meta компаниясы RT жана "Россия сегодня" бөгөттөлгөнүн билдирдиОрусияда согушту айыптаган активист киши колдуу болдуКыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекетинин иш тартибин өзгөртүү сунушталдыШота менен Алыкул курган бекем көпүрө жана кыргыздардын киши аттары