Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Орусияда согушту айыптаган активист киши колдуу болду


Виталий Иоффе. Архивдик сүрөт.
Виталий Иоффе. Архивдик сүрөт.

Орусияда оппозиционер активист Виталий Иоффе киши колдуу болгонун 17-сентябрда «Север.Реалии» маркумдун жакындарынын маалыматына таянып кабарлады. Иоффе каза болгону тууралуу өз булактарына таянып RusNews көз каранды эмес басылмасы да жазды, маалыматты "Бумага" басылмасына анын кызы Елена Иоффе да тастыктады.

Окуя Санкт-Петербург шаарында болгонун алгач бийликтеги күч органдарына жакындыгы менен белгилүү Mash Телеграм-каналы маалымдап, активисттин өлүмүнө шектүү 20 жаштагы жергиликтүү тургун кармалганын, ал күнөөсүн моюнуна алганын жазган.

Иоффе Орусия Украинага кол салган күндөн тартып бул согушту айыптап келген.

2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алганда Санкт-Петербургда нааразылык акциясына чыккан. 2022-жылдан тартып башка активисттер менен бирге согушка каршы митингдерге өзү, жубайы жана кызы менен чогуу катышып келишкен.

Иоффе согушту айыптаганы үчүн «орус армиясын жаманатты кылды» деп айыпталып, камакка алынган саясий туткундарды бошотуу, аларга колдоо көрсөтүү акцияларын, пикеттерди уюштурган. Быйыл июлда оппозиционер саясатчы, жазында абакта белгисиз жагдайда каза болгон Алексей Навальныйды эскерүүгө аракет кылганда жөнөкөй кийинген күч кызматкерлери аны «кесепети болот» деп коркутушканы маалымдалган. Коркутуп-үркүтүүлөргө карабастан ал "Биз унчукпай карап тура берсек, бул акылсыздык токтобойт" деген жазуу (плакат) калтырган.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Март айында бул өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде орус аскерлеринин Украинанын аймагындагы кылмыштары тууралуу жазгандарды, согушту токтотууга чакыргандарды айыптоого мүмкүнчүлүк берүүчү «фейктер» жана «дискредитация» (жаманатты кылуу) тууралуу беренелер пайда болгон.

2023-жылы Орусиянын сотторунда армияны жаманатты кылуу тууралуу 2870 административдик иш каралган, жалпысынан согуш башталгандан бери мындай иштердин саны 8386ге жеткенин «Сибирь.Реалии» быйыл март айында жазган. (RK)

XS
SM
MD
LG