Ысык-Көлдө тогуз жашар кызды зордуктоого шектүүлөр кармалды

Иллюстрация

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда тогуз жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат кызматы 16-сентябрда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 9-сентябрда милицияга Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын тургуну кайрылып, ошол эле күнү Көк-Сай аймагынан эки жигит тогуз жаштагы кызын ур-токмокко алып, зордуктаганын айтып кайрылган.

Факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин ("Зордуктоо") негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары Барксоон айылынын 25 жаштагы тургуну О.А. жана 19 жаштагы Э.Э. аттуу тургуну кармалып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Кармалгандар Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө уланууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган.

Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу. (MKt)

Дагы караңыз

STEM олимпиадасы менен күрөш чемпионатынын жеңүүчүлөрү сыйландыБозгундагы беларус журналистине Грузияга кайтып кирүүгө тыюу салындыПрезидент Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат