Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Президент Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат


Берлинде 2023-жылда өткөн саммитте тартылган сүрөт. Германиянын жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин туулары.
Берлинде 2023-жылда өткөн саммитте тартылган сүрөт. Германиянын жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин туулары.

Президент Садыр Жапаров "Борбор Азия – Германия" мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн 17-сентябрда Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка караганда, тараптар өз ара алаканы жана Борбор Азиянын Германия менен кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулашат.

Ошондой эле мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин немис ишкерлери менен жолугушуусуна катышат. Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушары күтүлүүдө.

"Борбор Азия - Германия" саммити 17-сентябрда Астанада өтөт. Казакстандагы саммиттин алдында Германиянын канцлери Олаф Шольц жекшембиде Өзбекстанга барган.

Анда эки өлкө ортосунда макулдашуу кабыл алганын, документке 15-сентябрда Самарканд шаарында Шольцтун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлганы кабарланды.

Бул Шольцтун Борбор Азия чөлкөмүнө алгачкы сапары. Канцлерди чоң бизнес делегациясы коштоп келери белгиленген.

"Борбор Азия - Германия" саммити алгач 2023-жылы сентябрда Берлинде өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери, түркмөн президентинин атасы, Халк маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухаммедов барган. (КE)

XS
SM
MD
LG