Бозгундагы беларус журналистине Грузияга кайтып кирүүгө тыюу салынды

Андрей Мелешко. Архикдик сүрөт.

Беларус журналисти, мекенинде 2021-жылдагы саясий куугунтуктан качып, Грузияда жашап жаткан Андрей Мелешко бул өлкөгө кире албай калганын бүгүн 16-сентябрда «Азаттыктын» беларус кызматы билдирди. Ал кызы менен Польшага барып, кайра кайткан, бирок аэропорттон киргизбей коюшкан.

Азыркы тапта Кутаиси шаарынын аба майданынын депортациялык борборунда кармалып турган журналист мындай чектөөнүн себеби эмнеде экенин эч ким түшүндүрүп бербей жатканын, Польшага депортация болорун гана айтышканын билдирди.

Грузиянын Ички иштер министрлиги “Азаттыктын” грузин кызматына “маселени карап, жаңы маалымат болсо жооп берерин” кабарлады.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө нааразылык акциялары башталганда башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Казакстанга иш сапары менен баратУкраинанын аба соккусунан Белгород шаарында сегиз тургун жаракат алдыӨзбекстан жана Германия ортосунда миграция макулдашуусу кабыл алындыТоктогул суу сактагычында суу 12,8 млрд метр кубга жетти