УКМК Кеминде мурдагы касапкана мамлекетке кайтарылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) маалымдагандай, Чүй облусунун Кемин районунун аймагында Союз мезгилинде касапкана жана колбаса даярдалган ишкана болуп турган объект мамлекетке кайтарылды.

Коопсуздук кызматынын басма сөз борбору билдиришинче, бул жай 1995-жылы менчикке мыйзамсыз чыгарылган, базар баасы 119 млн. 937 миң сом деп бааланган. Аны 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган.

Менчик ээлери маалымат бере элек. Атайын кызмат тараткан сүрөттөрдөн улам ал жер дан сактаган кампа катары пайдаланылып келгенин байкоого болот.

Коопсуздук кызматы учурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

УКМКнын маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер, социалдык объектилер жана жер тилкелери. (ZKo)

Дагы караңыз

"Коррупционердин бала-чакасы да мамлекеттик кызматта иштей албайт". УКМК сунуштаган мыйзам долбоору "Кызымды кыйнап өлтүргөн". Бычакталып, сабалган кыз-келиндерКыргызстандын Көкбөрү федерациясы казак көкпарчыларын “Биримдик Кубогуна” чакырды Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтМурдагы вице-премьер Зилалиев 4-ноябрга чейин камалдыУкраинанын аба соккусунан Белгород шаарында сегиз тургун жаракат алды