Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндуз 22…27

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабаййт, күңдүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы 12…14, күндүз 21…23° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 15-сентябрда күндүз 18,9°, 16-сентябрда эртең менен 18,0° түздү.

XS
SM
MD
LG