Азимбек Бекназаров 2-ноябрга чейин камалганын адвокаты билдирди

Азимбек Бекназаров. Архивдик сүрөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу Бекназаровдун адвокаты Айбек Турдуев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, сот саясатчынын бөгөт чарасын жана аны кармоонун мыйзамдуулугун 14-сентябрда карады. Анын кармалышы мыйзамдуу болгон деп тапты.

Жактоочу тарап Бекназаровдун кармалышы мыйзамсыз болгонун, коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Турдуев сот саясатчыны ден соолугуна байланыштуу №1 тергөө абагына эмес, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармоо тууралуу суранычты четке какканын айтты.

УКМК жана райондук сот адвокаттын билдирүүсү, чечим тууралуу маалымат бере элек.

Атайын кызмат Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштырган. Кылмыш-жаза кодексинин "Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо" (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын саясий негизде деп сыпаттап жатат.

68 жаштагы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин депутаты, баш прокурор, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары кызматын аркалаган. 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен быйыл 14-июлда акталып чыккан. (NT)

Дагы караңыз

УКМК паракорлорго жазаны күчөтүү каралган мыйзам долбоор даярдады "Жарык келди, кино көрөбүз". Унутта калган Кең-СууОш: зомбулук көрдү деген бала ата-энесинен убактылуу ажыратылдыОш казыяты түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аялдарды дагы тартат